• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

23 Кулжа 202612:31 Бишкек Govori.TV

Селге байланыштуу Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, күн мурун облус аймагында нөшөрлүү жаандан улам катуу сел жүрүп, бир катар айылдарды каптаган. Бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 100 куткаруучу, 10 техника, 4 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан 44 кызматкер, 12 техника, айыл аймактан 9 кызматкер жана 7 техника тартылган.

Сел суусу 1 турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына кирген. Ошондой эле 9 чакырымга жакын ички чарбалык жол бузулуп, 3 унаа жабыркаган. 13 электр мамысы, 10 даана лоток агып кеткен жана 6 чакырым жолдун ар кайсы жерине кум-шагыл толгон.

Мындан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрө, 1 электр тармактар ишканасы, 1 айыл өкмөттүн короосуна, 1000 метр сел өтүүчү сайдын ичи сел калдыктарына толгон, 4000 метр сел өтүүчү сайдын ар жеринен эрозияга учураган.

Учурда президенттин тапшырмасы менен селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Количество просмотров: 12