• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими кирди

25 Бугу 202611:27 Бишкек Govori.TV

Селге байланыштуу Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү саат 23:40 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Манас шаарындагы турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун сел суулары каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча, 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 84 куткаруучу, 4 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү унаа, Манас шаардык ЖК кызматтарынан 86 кызматкер жана 9 техника, 47 жергиликтүү тургун, жалпы 217 адам тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

«Жеринде таңкы саат 04:00 штаб уюштурулуп, Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 139