• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Өлкөнүн бардык аймактарына жарык берилди

25 Үчтүн айы 202217:11 Бишкек Govori.TV

Республика боюнча электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Борбордук Азиянын бириктирилген Энергошакекчесиндеги авариядан кийин Кыргызстандын аймагында жарык берүү этап-этабы менен калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, 25-январда Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болуп, түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчтү.

Количество просмотров: 63