• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөнүн финансы институттары аймактардагы долбоорлорду каржылоону көбөйттү

14 Үчтүн айы 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевди, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди, «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду жана «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өлкөнүн финансы институттарынын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары катары кайра иштетүү, тигүү-текстиль жана туризм тармагын колдоо жана ошондой эле кичи энергетика долбоорлору менен соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү атады. Кайра иштетүү өнөр жайы тармагын, анын ичинде айыл жергесинде негизги сырье болгон эт, сүт, жүн жана терини кайра иштетүүнү баса белгиледи.

Президент аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында негизги басым экспортко багытталган ишканаларды колдоого жасалышы керектигин айтты.

«Экспорттук дараметти өстүрүү, аталган багыттарды колдоо аймактарда жаңы жумушчу орундарынын түзүүгө, ички миграцияны төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Сиздердин жер-жерлердеги долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен, жеңилдетилген насыяларга муктаж ишкерлерге колдоо көрсөтүү маанилүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өлкөнүн финансылык институттарынын жетекчилери 2019-жылдын ичинде долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыялардын берилиши жөнүндө маалымат беришти.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан 77,5 млн долларга 724 долбоор жактырылганын билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 80%га өскөн. Колдоого ээ болгон долбоорлордун жалпысынан 88%ы өлкөнүн аймактарына туура келди.

«Айыл Банк» ААК тарабынан 2019-жылы 12 млрд сомго 53 957 насыя берилген. Алардын ичинен 10,1 млрд сом же 84%ы аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган. Аймактарды каржылоо 2018-жылга салыштырмалуу 9%га өскөн.

«РСК Банк» ААК 2019-жылы жалпы суммасы 8,4 млрд сомго 10 335 насыя берген. Өлкөнүн аймактарында берилген насыялардын үлүшү көбөйүп, 5,5 млрд сомду же насыялардын жалпы көлөмүнүн 66%ын түзгөн.

Ошондой эле 2019-жылы «Кепилдик фонд» тарабынан 921 млн сомго 946 кепилдик берилген. Бул 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнөн эки эсеге көп болуп, кепилдик суммалардын өсүшү 82%ды түзүп, аймактык каржылоо үлүшү 66%га өскөн.

Өлкөнүн финансы институттарынын жетекчилери каржылоонун көп бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарына багытталганын билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы дагы финансы институттарынын ишмердиги аймактарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталышы керектигин өзгөчө белгиледи.

Облустарда насыялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанисине, алыскы жана чек арага жакын долбоорлорду каржылоону күчөтүү зарылдыгына көңүл буруп, банк кызматтарын санариптештирүү боюнча иштерди улантууга чакырды.

 Басып чыгаруу
Количество просмотров: 54