• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөнүн түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

28 Чын куран 2022 10:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде таңкы саат 04:28де Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология инситутунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Шоро-Башат, Таштак айылдарында — 4 баллга Жыланды, Красный Маяк, Чеке-Дөбө, Калта айылдарында — 3,5 баллга, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай, Кыргызстан, Жийде, Чангет, Маркай, Таш-Булак, Багыш, Ладан-Кар, Сузак, Жар-Кыштак, Бек-Абад, Благовещенка айылдарында жана Өзгөн шаарында — 3 баллга, Мырза-Аке, Бостон айылдарында жана Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 244