• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

17 Жалган куран 2021 14:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометтин тараткан маалыматына ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-18-марттарында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 84