• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал

16 Теке 202110:55 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-июлунан 19-июлуна чейин Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 197