• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Лондондогу кинофестивалда Кыргызстандын тасмасы эң мыкты деп табылды

27 Бугу 2022 16:05 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 19-майынан 25-майына чейин Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү кинофестиваль өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандык режиссер Тынай Ибрагимов тарткан “Саякбай жана Битлз” аттуу кыргыз тасмасы кинофестивалдын “Мыкты даректүү тасма” деген номинациясында жеңүүчү деп табылды.

Ошондой эле көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча «Көрүүчүлөрдүн тандоо сыйлыгы» аттуу номинациясын кыргызстандык режиссер Виктория Архангельскаянын «Жаңыртуу» деген тасмасы алды.

Министрликтен белгилешкендей, 25-майда Лондон шаарында Евразия кинофестивалынын президенти, Евразия Чыгармачылык Гильдиясынын төрагасынын орун басары Марат Ахмеджановдун чакыруусу боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземине Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов катышты.

Фестивалда даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле анимация категориялары боюнча 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү.

Евразия кинофестивалынын тасмаларынын арасында Улуу Британия, Кыргызстан, Азербайжан, Россия, АКШ, Израил, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин эмгектери тартууланды.

Фестиваль евразиялык кинематографияны англис тилдүү чөйрөдө өнүктүрүүгө арналган.

Белгилей кетсек, кинофестивалда Кыргызстандан төмөнкү чыгармалар тартууланган:

  • Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти жана маданият ишмери Тынай Ибрагимовдун “Саякбай жана Битлз” деген даректүү тасмасы;
  • режиссёр Виктория Архангельскаянын «Жаңыртуу» деген даректүү тасмасы;
  • Борбордук Азиядагы Америка университетин бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимованын дебюттук кыска метраждуу «Кадамдар» деген тасмасы.
Количество просмотров: 1871