• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аттуу кинофестиваль өтөт

5 Бештин айы 20199:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» IX эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер бирикмеси билдирет.

Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылышы 12-декабрь күнү саат 12:00дө «Манас» кинотеатрында болот. Ал эми 15-декабрда саат 16:00дө фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталат. Фестивалда:

  • «Мыкты тасма»;
  • «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү»;
  • «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы»;
  • «Мыкты режиссердук иш» боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Кошумчалай кетсек, бул жылы кинофестиваль Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналып өткөрүлөт.

Количество просмотров: 82