Кинематография департаментинин директорунун орун басарына, ошондой эле III Бишкек эл аралык кинофестивалынын жетекчисине жана уюштуруучуларына тартиптик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, буга блоггер Жанар Алиевага кызыл килемге жарым тунук кара көйнөк менен чыгууга уруксат бергени себеп болгон.
11-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын салтанаттуу ачылыш аземинде Жанар Алиева кызыл килемден чагымчыл кийимчен өттү. Бул видео дароо коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жана сынын жаратты.
Бул тууралуу Кинематография департаменти расмий билдирүү таратты.
«Биз маданиятка каршы келген аракеттерди колдобойбуз жана кабыл албайбыз. Блогердин сырткы көрүнүшү маданий иш-чаранын стандарттарына жана күтүүлөрүнө жооп берген эмес», — деп айтылат билдирүүдө.