Американын Лос-Анджелес штатында бүгүн, 19-ноябрда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосу менен уюштурулган X Азия дүйнөлүк кинофестивалынын алкагында кыргыз киносунун күнү өтөт.
Иш-чара белгилүү Голливуд Калвер театрында өтүп, көрүүчүлөргө эки көрүнүктүү кыргыз тасмасы тартууланат:
“Кыргызфильм” киностудиясында тартылган режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” жана Кыргызстандан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы.