• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Анкарада кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды

27 Жетинин айы 2023 11:57 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара Мамлекеттик искусство жана жана айкел музейинде Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында өтүүдө.

Ага Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Маданият жана туризм министрлгине караштуу Кинематография департаментинин башкы директору Эркин Йылмаз, атайын чакырылган расмий коноктор, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Количество просмотров: 77