• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Мончолорго рейддер жүрүүдө. Түркияда кыргыз киносунун күндөрү ачылды

27 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МОНЧОЛОР ТЕКШЕРИЛДИ

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү аныктоо боюнча рейддер жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин алкагында өткөн жумада 38 мончо жана сауна текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 478 миң сомго 41 протокол түзүлгөн.

9 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак: Бишкек шаарында – 1; Ош шаарында – 1; Чүй облусунда – 2; Жалал-Абад облусунда – 4; Ысык-Көл облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗ КИНОСУНУН КҮНДӨРҮ БАШТАЛДЫ

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды.

Иш-чара Мамлекеттик искусство жана жана айкел музейинде Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында өтүүдө.

Ага Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Маданият жана туризм министрлгине караштуу Кинематография департаментинин башкы директору Эркин Йылмаз, атайын чакырылган расмий коноктор, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Количество просмотров: 70