• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Лос-Анжелестеги өрттөн кеминде 16 адам каза болгону кабарланды

13 Үчтүн айы 20259:01 Бишкек Govori.TV

АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн кеминде 16 адам каза болгонун NBC News округдун медициналык экспертизасына шилтеме берип жазды. Округдун шерифи Роберт Луна өрт учурунда дайынсыз жоголгон 13 адам изделип жатканын кабарлады.

Маалыматка караганда, издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны мындан көп болушу мүмкүн.

Калифорниянын өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, 7-январдан бери 15 миң гектардан ашык аянт күйүп, 12 миңден ашык имарат кыйрап калган. Учурда үйлөрүнөн эвакуацияланган 153 миңге жакын тургунду убактылуу жайгаштыруу үчүн борборлор ачылды. Дагы 166 миң кишиге эвакуациялоо тууралуу эскертүү берилди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 139