• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Өлтүрсөңөр силерди арбагым алып түшөт, камасаңар түрмөдө жатып жеңем». Бекназаров кайрылуу жасады

14 Аяк оона 2022 18:16 Бишкек Govori.TV

Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Анын видеокайрылуусу «nazarnews» агенттигинин ютуб каналына жайгаштырылды.

Ал уулу Руслан Бекназаровду милиция алып кеткенинен улам кайрылуу жасоону чечкен. Бекназаров өз сөзүндө уулунун үйү тинтүүгө алынганын билдирген.

«Мен бул жагдайды менин силерге, силердин жасап жаткан иштериңерге болгон ачык билдирүүмдүн кесепети деп ойлойм. Себеби баары окшошуп жатат. Менин маегимден кийин силер эмоционалдык менен чечимге келип териштирбей туруп Малайзия менен Кыргызстан ортосунда диалог түзө алган жок деп указ чыгардыңар. Эми мен келип маалымат жыйын куруп андай эмес деп, документтер менен журналисттерге айткандан кийин күчүңөр менин уулума жетти. Урматтуу эки иним, силер муну менен мени чөгөлөтүү позициясын көздөп жатасыңар. Башкаларга окшоп мен силерге жүгүнбөйм, куспайм. Мени өлтүрүшүңөр мүмкүн, мени камашыңар мүмкүн. Бирок мени өлтүрсөңөр да менин арбагым силерди алып түшөт, мени карасаңар да мен түрмөдө жатып күрөшөм. Менин болгон күчүм чындыкта», — деди Бекназаров.

Эске салсак, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакыртылган. Бекназаров экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө.

ИИМ тараткан маалыматтта, “интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 41 жаштагы Р.Б. аттуу жаран кармалып ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды”, — деп айтылат.

Количество просмотров: 17611