• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Луиза Абдырай кызы: Аялдардын таламын талашкым келет

30 Чын куран 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Луиза Абдырай кызы.

Луиза айым 44 жашта, 5 баланын энеси.

«Ош облусунун Алай районуна караштуу Мурдаш айылынан келдим. Ленин айылдык кеңешинин 6-7 чакырылышынын депутаты болдум. Айылыбыздагы орто мектепте концерттик зал жок болуп, маданий иш-чаралар эшикте өтүп калган. Айыл өкмөт менен биргеликте жергиликтүү бюджеттен каражат бөлдүрүп, концерттик зал курдуруу менен бирге мектептеги жылытуу системасын калыбына келтирдик. Алдыда аялдардын саясаттагы жана коомдогу ордун тереңден билгим келет»,-деди Абдырай кызы.

Количество просмотров: 81