• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Лукашенко менен Путин Сочиде жолугушат

14 Аяк оона 2020 15:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-сентябрда Беларусь президенти Александр Лукашенко Россияга жумушчу сапары менен келди. Путин менен Лукашенко Сочиде жолугушат.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин менен Лукашенконун Сочидеги сүйлөшүүсүндө Орусия-Беларусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланат.

Беларусияда 9-августтагы президенттик шайлоодон бери, нааразычылык акциялары токтобой келет. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон эл көчөгө чыгып, республикада массалык түрдө акциялар башталган.

Количество просмотров: 83