Бишкек. 05.08.2019. Govori.TV
Бюджетти аткаруу боюнча жетишпестиктер бар. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында билдирди.
«Эгерде 2019-жылдын 6 ай аралыгындагы көрсөткүчтү карай турган болсок, ал жерде маселелер бар. Биз алдыга койгон планды аткаруу үчүн чараларды көрүшүбүз керек. Өкмөт тарабынан колдоо болсун үчүн, мен атайын жыйынга катышууну чечтим»- деди премьер-министр.
Мындан сырткары, «Абылгазиев шаардык жана райондук деңгээлдеги салык кызматынын жетекчилеринин иштерин кылдат карашыбыз керек»-деди.
«Айрым райондордө көрсөткүчтөр жакшылары бар, бирок кээ бир жердерде план аткарылбай жатат. Эгерде жетекчилер иштей албай жатса, алардын ордун кесипкөйлөрдү чакырыш керек»-деди өкмөт башчы.
Аны менен иштин көзүн билбеген жетекчилерди райондон районго которо бербей, кызматтан алыш керектиги Абылгазиев айтты.