• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мөлмөл Кубанычбек кызы: Аялдардын укуктарын коргогум келет

16 Жетинин айы 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Мөлмөл Кубанычбек кызы.

Баткен облусунан келген Мөлмөл айым балдар бакчасында жетекчи. 2 баланын апасы. Буга чейин айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүүө салым кошкон.

«Өспүрүмдөргө бекер курстарды окутуу менен элге пайдасы тийген маселелерди көтөрүп келебиз. Мен өзүмдү лидер айым катары сезем андыктан алдыга койгон пландарым көп. Балдарга татыктуу билим берип, билимдүү жаштарды тарбиялоо менен катар аялдардын укуктарын коргогум келет»,-деди Мөлмөл Кубанычбек кызы.

Количество просмотров: 133