• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Өмүр боюу эркинен ажыратуу кайсы кылмыштар үчүн берилет?

16 Үчтүн айы 201915:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV.

Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбековдун айтуусунда, өмүр боюу эркинен ажыратуу өзүнчө оор кылмыштар үчүн берилет.

Алар: өзгөчө оор кырдаалда адам өлтүрүү, орлотулган кырдаалда жашы жете электерди зордуктоо (эгер жашы жете элек адамдын ден соолугуна оор залака тийгизилсе), жаш балдарга карата зордук-зомбулук, терроризм, тынчтык жана адамзатына каршы кылмыштар.

“Бирок, өмүр боюу эркинен ажыратуу аялдарга, 18 жашка чыга электерге жана 60 жаштан ашкан адамдарга берилбейт”, — деди Шүкүрбеков.

Эскерте кетсек, жыл башынан ишке кирген жаңы мыйзам боюнча эгер адам 5 жылга соттоло турган кылмыш кылса, бул майда кылмыштар кодексине кирет. Демек, ал адамга тек гана айып жана коомдук иштер санкциялары колдонулат.

Количество просмотров: 28