• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өмүрбек Бабанов кайда?

26 Аяк оона 2019 9:09 Бишкек Govori.TV

«Республика» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов, бизге келип түшкөн маалыматтарга ылайык, азыркы учурда Бишкекте жана юридикалык суроолорду чечүү менен алек. Бирок, кайсы юридикалык суроолор экени так айтылган жок.

Акыркы учурда эч кандай да сурактарга чакырыла элек.

Жана дагы кошумчалай кетүүчү нерсе ал журналисттер менен жолукпай, публикадан алысыраак болуп турууну чечкен.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан. Ал аталган мамлекеттик органдарда күн алыс алмак-салмак ар бир чакырылган сайын дээрлик беш сааттан суралган эле.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Количество просмотров: 504