• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

 Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болду. Жети-Өгүздө көчкү алдында калган кишинин сөөгү табылды

24 Үчтүн айы 2018 17:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.01.2018.Govori.TV

 Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болду

Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясына Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болду. Бүгүн бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому чыкты. Партиянын шайлоо алдындагы тизмеси боюнча ал 73-орунда болчу.

Абдыбек Дүйшалиев 56 жашта. Ал буга чейин Автотранспортторду каттоо департаментинин директору болуп иштеген.

Билим жана илим министрлиги окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук берди

Билим жана илим министрлиги мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук берди. Мекеменин маалыматында   бул тууралуу чукул телефонограмма бардык шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарына аба ырайынын суукташына байланыштуу жөнөтүлдү. “Санитардык-эпидемиологиялык департаменттен тиешелүү жазма буйрук келсе министрлик окуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат” деп айтылат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, -30градуска чейин  болорун эскерткен.

Жети-Өгүздө көчкү алдында калган кишинин сөөгү табылды 

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында аңчылыкка чыгып, кар көчкүдө калган 39 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Эске салсак, кечээ, саат 17:00дөр чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү түшүп, ал аймакта жүргөн үч адамдын бирин басып калган. Аны издөөгө бүгүн 52 куткаруучу жана 50 жергиликтүү тургун тартылган.

Количество просмотров: 11