• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өмүрбек Текебаев ант бербейт

16 Тогуздун айы 2020 10:58 Бишкек Govori.TV

Мандатын кайра кайтарып алган Өмүрбек Текебаев депутаттардын жыйынында ант берген жок. Вице-премьер Мирлан Бакировдун айтымында Текебаев депутат болуп жаңы келген жок, ал кайра калыбына келүү менен депутат болду.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын кечээ, 15-октябрда кайтарып берди. .

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы 10-октябрда белгилүү болгон. БШК аталган арызды 13-октябрда карап, бирок кворум жоктугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

13-октябрда БШК арызды канааттандыруудан баш тарткан. Мунун себебин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Ата Мекен” фракциясында бош орун жоктугу менен түшүндүрүп, кимдир бирөө мандаттан баш тарткан учурда гана кайра кайтарып алууга болорун айтышкан. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз мандатынан баш тарткан. Мунун себебин ал учурда парламентке Текебаевдей күчтүү саясатчы жетишпей жатканы менен түшүндүргөн.

Текебаев 2017-жылы соттолгондугуна байланыштуу мандатынан ажыратылган болчу.

Количество просмотров: 274