• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өмүрбек Текебаев айымдарга куттуктоо катын жолдоду

7 Жалган куран 201814:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.03.2018. Govori.TV.
«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө отурган лидери Өмүрбек Текебаев партиялаш айымдарына куттуктоо жолдоду.
Саясатчы ар бир айымга ден-соолук, бакыт каалап, «Аялзаты биздин кыймылдын авангарды! Биз сиздер менен сыймыктанабыз,-деп аяктаган.
Бул жолу Өмүрбек Текебаев кат менен эле чектелди. Былтыркы 8-мартта УКМКнын тергөө абагында отурган саясатчы өмүрлүк жубайына жана партиялаш айымдарына кагаздан ар түрдүү белектерди жасаган.

Количество просмотров: 110