Акыркы күндөрү маалымат айдыңындагы айрым маалымат булактар тууралуу ар түрдүү сөздөр айтылып жаткан. Сөз болуп жаткан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жетекчиси бир кезде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат болуп, бирок мандаты алынып, андан кийин абакка да жатып чыккан Орозайым Нарматова экени белгилүү болду.
Ал өзү да бул маалыматты тастыктады. Андан кийин SuperTV телеканалы жана СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жетекчиси, тең негиздөөчүсү Бактыгүл Сокушева да муну бекемдеп, кенен маалымат таратты.
Орозайым Нарматовага бирге иштешүүнү сунуш кылып, азыр чогуу иштешип жатканын жана жакынкы күндөрдө көрүүчүлөрдү чоң жаңылык күтүп жатканын белгиледи Б. Сокушева.