• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Маалыматтык согушта эркин редакциялар таасирдүүлүгүн көрсөттү

21 Аяк оона 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

Тажик тараптын агрессиялуу куралдуу кол салуусуна байланыштуу маалыматтык согушта Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын утушка салган салымы чоң болду.


Ал эми мамлекттин расмий каналдыры окуяны чагылдырууда өздөрүнүн милдетин так аткара алган жок.

Мындай жагдайга көз карандысыз журналисттер союзу тарабынан аракеттер көрүлүп, бирок, эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдура алган эмес.

Мындай окуя биринчи ирээт болуп жатпагандан кийин, өзгөчө кырдаал учурунда кайсы министрлик кандай маалыматты чыгаруу керектиги тууралуу сунуш берилгени менен, бул милдетти аркалоодо президенттин басма-сөз кызматы өзүнүн алсыздыгын көрсөткөнүн айтат медиа эксперт.

Бул жолку кол салууда тажик тарап, бир гана куралдуу жактан даярданып тим болбостон, маалыматтык согушка дагы даярданып койгону көрүнүп турду. А бирок, алардын оюнун ишке ашырбоого өлкөдөгү эркин редакциялар менен активист блогерлердин салымы чоң болду.

Маалыматтык согушта эркин редакциялар менен блогер активисттердин биримдикте иш алып баруусунун негизинде алдыга чыгууга өбөлгө болууда.

Количество просмотров: 162