• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

2 Жетинин айы 2018 13:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.10.2018.Govori.TV
2- ноябрь Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат таратты. Салтанаттуу иш-чараны министр Азамат Жаманкулов ачып, бул тармакка тиешелүү адамдарды кесиптик майрамы менен куттуктады.

 

“Кыргыз эли эзелтеден өнөр багып, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуп, элибиздин түптүү маданиятын жана салттарын нцкура улуттук асыл саттарын кеңири жайылтуу менен мындан ары да калкыбызды жаратман эмгекке, адилеттүүлүккө жана руханий тазалыкка багыттай беришиңиздерге чын дилимден куттуктаймын»,- деп белгиледи Жаманкулов.
Иш-чарга Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер министри Алтынай Өмүрбекова катышып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин куттуктоосун окуду. 

“Бүгүнкү күндө маданият коомдун өнүгүүсүнүн негизине айланганы шексиз. Өз мекенибизди, тилибизди, дилибизди, тарыхыбызды, маданиятыбызды баалап, ардактоого ар бирибиз милдеттүүбүз, бардык маданият тармагында эмгектенген кызматкерелирди жана ишмерлерди чын жүрөктөн кутттуктайм”,-деп айтылат куттуктоодо.
Эскерте кетсек, бул майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дал ушул күнү 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Аалы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасы сахнага коюлган.

 
Количество просмотров: 57