• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Маданият министри 10 күн ичинде циркке жаңы команданы алып келет

20 Бештин айы 2018 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз мамлекеттик циркин башкара турган жаңы команданы жакынкы 10 күн аралыгында аныктоого убада кылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттиги жазып чыкты.


Белгилей кетсек, цирктин директору Курмангазы Исанаевдин кызматтан кетиши тууралуу буйрукка кечээ кол коюлган, бүгүнкү күндөн тарта ал циркке жетекчилик кылбайт.

Министр билдиргендей, азырынча директордун кызматына келе турган талапкерди атай албайт.

«Бул бир киши эмес, мен команданы толугу менен жаңылайм. Бул маселени чечебиз», -деди ал.


Цирктин штаттык расписаниеси боюнча башкы директордун милдетин азырынча анын орун басары Дарья Кусейинова аткарып турат. Ал буга чейин бир канча жолу материалдык маселелерди чечпей тургандыгын, чыгармачылык бөлүгү менен алектене тургандыгын айткан.


«Дароо эле жаңы директорду дайындай албайм, буга 10 күндөй убакыт керектелет», -деди министр.

Количество просмотров: 29