Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контент элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, аталган мыйзам долбоорунда «порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент» түшүнүгүнүн аныктоо жана коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигинен таратууга тыюу салуу, аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев буга чейин депутат Жамиля Исаева демилгелеген, балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу жөнүндөгү мыйзам кандай аткарылып жатканын сурады. Ал эми депутат Исхак Масалиев порнографиялык мазмундагы сайттарга тыюу салуу механизмдерин тактады.