• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Маданият министри «кичинекей Брюс Ли” менен жолукту

5 Теке 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5- июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту.

Жолугушууда Нурмухаммеддин «нунчак» менен теннис ойногон шамдагай трюктарын “Гиннестин китебине” каттоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп, өз кезегинде Азамат Жаманкулов Маданият министрлиги аны иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү жардамдарды бере тургандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө, дени сак жашоо жана спорттун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн Нурмухаммед Ташмаматовго Маданият министрлигинин “Ардак грамотасы” тапшырылды.

Ташматов Нурмухаммед Асылбекович 2010 — жылы Жалал- Абадда туулган. Кичинекей кезинен эле спорт менен тыгыз байланышта чоңойгон. 3 жашынан баштап өз атасы машыктырып, 4 жашында болсо спорт залга барып, спорт дүйнөсүнө киришкен.

2017-жылы Москва шаарында Мосфильм тарабынан уюштурулган «Лучше всех » («Эң мыкты») көсөтүүсүнө катышып, Брюс Линин атактуу «Игра смерти» тасмасындагы трюктарын аткарып биринчи ийгилигин багындырган.

2018- жылы Украинанын Киев шаарында өткөн «Круче всех» («Баарынан мыкты») теледолбооруна, 2018- жылы Москва шаарында өткөн «Синяя птица» («Көк чымчык») теледолбооруна, 2019- жылы Казахстан Республикасынын Алмата шаарында «CENTRAL ASIA’S GOT TALENT” долбооруна атайын чакыруу менен барып, өз өнөрүн тартуулап келген.

Жаш спорт чебери нунчак (ажыдаардын таякчасы) менен да теннис ойноп көпчүлүктүн көңүл чордонунда.

Мындан улам, 2020-жылы Эл аралык «Интер Рекорддо» 42 жолу теннистик топту нунчактын жардамы менен уруп, дүйнөлүк онлайн рекорд, 2021- жылы 49 жолу нунчак менен тенис ойноп жаңы рекорд орнотуп, 2022 — жылы 63 жолу нунчак таякчалары менен теннистик шарикти уруп 3-жолку рекордун бекемдеген.

Количество просмотров: 548