Бүгүн жалпы жыйында Маданият министрине талапкер каралып жатат. Анда ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, Билим берүү, Саламаттык сактоо жана Маданият министрликтерине сөзсүз эле ушул жааттын адистери келишинин кажети жок экенин айтты.
“Жалаң маданияттын ичинен алып келгенде оңолбойт, мен мурдагы министр катары айтып коеюн. Ушул суроого келгенде адилеттүү болсоңуздар. Сөзсүз эле эл артисти, эл сүрөтчүсү эмес, сырттан алып келген ыкманы киргизип жатабыз, менеджер катары иштесин дейбиз”, — дейт төрага.