• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Маданият министри Талас облусуна иш сапар менен барды

29 Аяк оона 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барды. Бул тууралуу министрликтин басма соз кызматынан билдиришти.

Анда аталган аймакта жайгашкан Туюк-Төр аска – таш бетине тартылган сүрөттөр (петроглифтер) менен таанышып, учурдагы анын корголушу жана сактоо иш аракеттери менен жеринин таанышып чыкты.

Министр иш сапардын алкагында аталган обьект менен таанышып жатып, алгачкы кезекте бул тарыхый маданий баалуулукка изилдөө иштерин дыкат жүргүзүп, анын баалуулугун толук аныктоо зарыл экендигин билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш жана археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Андыктан, бул багытта министр мыйзамга туура келбеген иш- аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарга, өлкөдө сакталып калган археологиялык баалуулуктарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, министрлик тиешелүү деңгээлде иш жүрө тургандыгын кошумчалады.

Министрдин иш сапары дагы улант. Анда Талас районундагы Ак- Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай- Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый- маданий мурас объекттери менен жеринен таанышат.

Количество просмотров: 54