• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы эл аралык сынактарга катыштырат

22 Кулжа 2022 19:35 Бишкек Govori.TV

Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт. Мындай маалымат бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен жолукканда белгилүү болду.

Азамат Жаманкулов акыркы күндө коомчулукта чоң резонансты жарткан аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгына ийгилик каалап, чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирди.

Тактап айтканда, Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia’s Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардамдарды берээрин ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледи.

Ал эми, Бегимай Турсунбекова буга чейин М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Эске салсак, Бегимай Турусбекова Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады.

Количество просмотров: 1664