Маданият министрлиги «Марш на Бишкек. Как люди хозяина ЧВК Вагнера «помогали» избрать президента Кыргызстана» аттуу материалды «Жаңы жүздөр» басылмасынын сайтынан алууну талап кылды. Бул тууралуу Kloop билдирди.
Ведомствонун билдирүүсүндө материалда «Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышы бар политтехнолог Александр Малкевич Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнө көмөктөшкөн» деген «жалган маалымат» бар.
Материал 30-августта «Жаңы жүздөр», Kloop жана Azattyk басылмаларынын сайттарында жарыяланган. Азаттык Маданият министрлигинен катуу эскертүү алган. Аталган мекеме «Азаттыктан» материалды алып салууну талап кылган. Болбосо “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын алкагында чара көрүлө турганы маалымдалган.