• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Мадина» базарынан чыккан өрткө эки себеп бар

19 Аяк оона 2018 13:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Мадина базарындагы өрттүн чыгышына бир канча себептер айтылууда. Бул тууралуу бугун, «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.
Маалыматка ылайык, «учурда укук коргоо органдары изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Экспертиза жыйынтыгы чыккандан кийин өрттүн себеби белгилүү болот»,-дейт Утемисов.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, кырсык электр зымдарынан чыккан. Бирок, жанында эле тигүү цехи бар, кырсык алгач ошол жактан чыгып, кампага өтүшү мүмкүн.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы «Мадина» базарында 15-сентябрдын тунундо өрт чыгып, базардын 1500 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Кырсыктан эки киши зыян тарткан.
Количество просмотров: 26