• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип чыкты

14 Үчтүн айы 2022 13:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип чыкты.

Сурактан чыккан Мадумаров дагы да суракка чакыртыла турганын билдирип, 2009-жылы кол койгон чек ара тууралу протоколго байланыштуу сурак бергенин айткан. Жана ал 14-январда эртең менен он чакты кишинин, тагыраагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин коштоосунда суракка алынып келгенин кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болуп, 180ден ашуун киши жараат алган.

Количество просмотров: 436