• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаров Башкы прокурордун сунушу тууралуу пикирин айтты

10 Бирдин айы 202217:39 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады. Бул тууралуу Мадумаров бул боюнча өзүнүнүн пикирин айттып, депутаттык комиссияны тез арада түзүү керек деп билдирди.

“Азыр карама-каршылыкты курчутууга атайын кандайдыр бир чоң күчтөр пайда болду. Жалаң “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөлөрүн, депутаттарынын ушундай абалга кабылганын бирден-бир себеби саясий гана көз караш. Бул жакшылыкка алып келбейт. Кеп мен жөнүндө айтып жаткандыгы үчүн айтып жатканым жок. Кесиптештер мен силерден суранам, ар бир киши Жараткан маңдайына жазганды көрөт, пендеси эч нерсе жасай албайт. Боло турган иш, болот. Ошондуктан депутаттык комиссияны тез арада түзүп, комиссия өз ишине киришип, адилеттүү чечим чыгарат го деген үмүт менен ишти андан уласак”— деди.

Количество просмотров: 226