• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров Казакстандын «Бирлик» алтын медалы менен сыйланды

23 Чын куран 2022 10:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Казакстандын «Бирлик»  алтын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Мирбек Мунарбек уулу Фейсбук баракчасына жазды.

«Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан фракциясынын лидери Адахан Мадумаров «Бирлик» алтын медалы менен сыйланды»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Бирлик” медалы – казакстандык жана чет өлкөлүк жарандардын коомчулук тарабынан таанылышынын жана кубаттоосунун эң жогорку белгиси.

Количество просмотров: 205