• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мадумаров: Төраганын кетиши күтүлгөн, күтүүсүз окуя

5 Тогуздун айы 2022 14:22 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров ЖК төрагасынын кетиши күтүлгөн күтүүсүз окуя болгонун айтты.

«Мен эртең менен келип уктум, «ушундай болуп жатат» деп. Анан сүйлөштүк, эмне болду? десем, «ушундай, кетиш керек болуп жатат» деди. Эми кетиш керек болуп жатканын түшүнүп жатабыз, эмне себептен болгонун. Парламенттин ичиндеги соңку болгон окуялар, жабык эшик артында болгон окуялар жана бир топ маселелер менимче ушундай жолго алып келди», — деди депутат.

Мындан тышкары, «Парламенттин бүгүнкү жүзүн көрүп жатпайсыңарбы» деген Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» төрагалыкка талапкер сунуштоону карап көрө тургандыктарын белгиледи.

Количество просмотров: 2292