Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу төраганын Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
«Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин»,– деди Маматалиев.
Өз кезегинде элчи төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.