• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Жоопко тартуу сунушу 100 пайыз саясат

31 Бугу 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча баш прокурордун сунушу тууралуу пикирин билдирди.

Мадумаров жоопко тартуу аракетин саясий иш деп баалады.

“Маалыматты силер сыяктуу эле жыйындар залынан уктум. Өздөрү “Мадумаровго канча сунуш кылдык такыр болбой жатат” деп айтып жатышпайбы. Анан кантип эле бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге мен күч колдонуп барамбы? “Бийликтен аша чабуу” деп турат. Менде кайсы бийлик бар экен? Айткыла, ошону колдоноюн. Бул жерде тек гана саясат”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жалпы жыйында Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоокерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунушу келип түшкөнүн ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев билдирген.

Анда Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Количество просмотров: 141