• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров жыйын өткөрдү

4 Кулжа 2020 17:05 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун маалыматы боюнча, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чоң-Нарын каналындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен улам Нарын шаарына караштуу Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон жана Көтөрмө райондорунда жайгашкан 60 турак жайдын короолорун, чарбалык субъектилерди жана жолдорду суу каптаган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарды өз убагында бөлүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эске салсак, кечээ, 3-июнда саат 16:00гө карата Нарын шаарында​ жаап өткөн жамгырдын кесепетинен​ турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү сел каптаган.

Количество просмотров: 125