• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Мадумаровдо президенттин сынына комментарий жок

3 Кулжа 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

Эл өкүлү Адахан Мадумаров, президент Садыр Жапаровдун сынына жооп берди. Депутаттын айтымында аны буга чейинки президенттер да сындап келгенин «Азаттыкка» билдирген.

“Бул экөөнө (ред: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров) менде комментарий жок. Алар «популист» деген сөздү дагы түшүнбөйт. Мени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбеков дагы сындаган. Алар кайда, мен кайда?”, — деди Мадумаров.

Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров 2-июндагы парламент жыйынындагы атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышы боюнча пикирин айтып, депутатты “мамлекетчил эмес” деп айыптаган. Ал эми атайын кызматтын «аткезчилик менен күрөшүп жатканын” белгилеген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан.

Количество просмотров: 995