«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду ИИМдин имаратынан алып чыгып кетишти.
Буга чейин Мадумаровду Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени кабарланган.
Маалыматка караганда, саясатчыны баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармап кетишкен.
Саясатчы учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгында экени кабарланды. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.