• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин депутаттык комиссия карайт (курамы)

10 Бирдин айы 2022 15:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчү талкуулап атайы депутаттак комиссия түздү. Ага ар бир фракциядан жана депутаттык топтон бирден депутат кирди. Жобого ылайык, түзүлгөн комиссия белгиленген мөөнөтүн ичинде ишти тергеп чыкмакчы.

Атайын депутаттык комиссияга депутаттар Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов мүчө болушту.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жетекчиси Медер Алиев аталган комитет буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алып, жалпы жыйынга чыгарган.

Эске салсак, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Депутат муну бийликтин басымы катары баалаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Количество просмотров: 2270