«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлбөй калганы боюнча депутат Гуля Кожокулова комментарий берди.
Анын айтымында, эгер комиссия түзүлсө мыйзам чегинде туура баа берилмек.
«Өзүңүздөр көрдүңүздөр, көпчүлүктү түзгөн фракциялар биздин сунушту колдобоону чечишти. Бирок таң калган деле жокмун. Ар кимдин өз абийиринде»,-деди Кожокулова.
Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, «Мекенчил» депутаттык тобу, «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү комиссияга кирүүдөн баш тартышты.
Регламент боюнча комиссиянын курамында жети депутат болушу керек, бирок алтоо гана болуп калганы үчүн комиссия түзүлбөй турган болгондо Дастан Бекешев да курамга кирди. Деген менен комиссиянын түзүлгөнү боюнча Жогорку Кеңештин токтому добуш берүүгө коюлганда колдоо тапкан жок.
Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлган.
Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.