Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге берилди. Тиешелүү чечим БШКнын 23-августтагы отурумунда кабыл алынган.
БШК Аккулу Бердиевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгини тапшырды.
Эске салсак, быйыл 26-мартта Биринчи май райондук соту саясатчы Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Жети ай УКМК тергөө абагында отурган Мадумаров соттун чечимине 30 күн болгондо, 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.
БШК ошол эле 26-апрель күнү соттун чечимин негиз кылып Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Административдик сот 20-майда ал арызды канааттандырган эмес. Ушул эле сот 4-июлда Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке каккан.