• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Матраимовду Википедияга ким чыгарды?

11 Бештин айы 201817:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

Интернеттеги википедияда Кыргызстандагы  бир тууган Матраимовдор  жөнүндө маалымат жайгаштырылып, учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.  

“Матраимовдун коррупциялык кланы” деп аталган маалыматта Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов башчы катары көрсөтүлүп, бир туугандары менен кылмыштуу топторго аралашып, коррупциялык схемаларды түзүп жатканы айтылат. 

Анда бир туугандар кантип кандай жол менен кайсы перзиденттерге “капчык” болгону, уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү жана малекеттик кадр саясатына аралашып маанилүү деген  орундарды сатканы тууралуу да маалымат жайгаштырылган.

Бул маалыматтан кийин “сырткы күчтөр кыргыз бийлигинен маалыматы барбы?” – деген суроолор пайда болуп, Матраимов бул боюнча үн катып, “Азаттыкка” интернетте жайгаштырылган маалыматтарды өчүрүүгө аракет көрүп жатканын кыстарып өткөн.

“Мен кечээтен бери чыккан маалыматты окуп, күлүп жатам. Мени Италиянын мафияларына окшоштуруп коюптур. Жазган адамды кудайга койдум”,-деген ал.

Количество просмотров: 13