Аламүдүн районундагы Маевка айылынын Тепличная көчөсүндө жайгашкан эмерек цехи күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, жерине 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
«Өрттү өчүрүүгө саат 09:37де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:45те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:42де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, саат 09:53тө Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм, саат 09:50дө Штаб тартылган. Маевка айылынын Тепличная көчөсүндө №4 дарегинде жайгашкан эмерек цехинен чыккан өрт саат 10:40та чектөөгө алынган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.