• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«Мага унаа керек» деген депутат башкаларды коомдук транспортко өтүүгө чакырганы талкууга түштү

19 Аяк оона 202514:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов «Биринчи радиодо» сүйлөп жатып, шаардыктарды коомдук транспортко өтүүгө чакырды.

«Мен өзүмдүн жеке унаамды колдоном — мага керек. Бирок ага муктаж болбогондор, дайыма кеңседе же билим берүү мекемелеринде жүргөндөр башкаларды ойлошу керек. Биз бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. Андыктан коомдук транспортко өтүүгө чакырам, автобустарыбыз жаңы жана ыңгайлуу, ошондой эле жолдорубуз да оңдолуп жатат», — деди ал.

Анын бул билдирүүсү учурда соцтармак колдонуучуларынын арасында талкууга түшүп, бир катар кептерди жаратты.

Количество просмотров: 358